• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

Шайлоо 2024: Ысык-Көл районунан шайлоого ким аттанып жатат? (Сүрөт)

15 Бугу 2024 11:29 Бишкек Govori.TV

Ноокат жана Ысык-Көл шайлоо округдарында 30-июнда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү пландалууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул округдарда мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоону баштаган.

15-майга карата депутат болууга эки округдан 10 адам талапкерлигин көрсөттү.

№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген талапкерлердин тизмеси:

1. Мазымканов Атабек Дюшенович. 1964-жылы туулган. «Иштерман» муниципалдык ишканасында механик. Ал жергиликтүү администрация башчысынын орун басарлыгына ат салышып, бирок, мамлекеттик кадр кызматынын маалыматы боюнча, сынактан өтпөй калган.

2. Момбеков Бактыбек Карыпович. 1981-жылы туулган. Жеке ишкер, убактылуу иштебейт. Ал Семеновка айылынын жергиликтүү кеңешине депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде болгон. Ал тургай, аны жетектеген.

3. Мукамбетов Джакшылык Мамбетказиевич. Мукамбетов 1966-жылы туулган. «Климат КГ» ЖЧКсынын башкы директору. Лебедин айылдык кеңешине депутаттыкка талапкер болгон. Ал 2021-жылдагы парламенттик шайлоого Социал-демократтар партиясынан ат салышкан.

4. Иманалиев Данир Белекович. Иманалиев 1977-жылы туулган. Ысык-Көл районунун акими болуп иштеген. Андан кийин Ноокат районун жетектеген. 2023-жылы өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

5. Тентимишев Султан Таалайбекович. Ысык-Көл районунун Өрүктү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп иштеген.

Ысык-Көл шайлоо округунан Максатбек Сарбагышев 25-апрелде мандатын тапшырууга арыз жазган.

Количество просмотров: 161