• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош, Баткен, Кара-Суудагы шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды

6 Бугу 20248:52 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Ош, Баткен жана Кара-Сууда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялады.

Оштогу №7 бир мандаттуу шайлоо округунан Бекмурза Эргешов, Баткендеги №2 бир мандаттуу шайлоо округунан Бактыяр Калпаев, Кара-Суудагы №9 бир мандаттуу шайлоо округунан Илимбек Кубанычбеков Жогорку Кеңештин депутаты деп таанылды. Алар парламентте түрдүү жагдайда мандатын тапшырган депутаттардын ордуна келет.

28-апрелде өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоонун акыркы жыйынтыгы 4-майда чыкты.

Эми 30-июнда Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт.

Количество просмотров: 122