• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Шайлоого байланыштуу 82 кылмыш иши өндүрүшкө алынды

24 Аяк оона 202016:03 Бишкек Govori.TV

Шайлоого байланыштуу 82 кылмыш иши өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу бүгун «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында Башкы прокуратуранын өкүлү Нурлан Дүйшембиев билдирди.

Анын айтымында мындан сырткары жоруктар беренелери менен дагы 46 иш өндүрүшкө алынган.

“Шайлоого байланыштуу баш аягы 128 иш козголду. Алардын 82си кылмыш иши, дагы 46 иш жоруктар боюнча иш козголгон. Алардын арасында массалык баш аламандык уюштуруудан тартып, добуш сатып алуу фактылары да бар”, – деди Дюшембиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Количество просмотров: 83