Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков шайлоону дем алыш күндөрү эмес, иш күндөрү өткөрүүнү сунуштады.
«Жарандар дем алыш күндөрүн жеке пландары үчүн колдонууну каалашат. Кээ бирөөлөр эс алууну кааласа, башкалары иштери менен жүрөт. Балким шайлоону дем алыш күндөрүнө белгилөө шайлоочулардын аз келишинин бирден бир себеби болуп саналат. Балким, шайлоону иш күндөрү дайындоо керекпи? Жарандар эртең менен же түштөн кийин добуш бере алышат», — деди ал.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова аны колдоп, шайлоо шаршембиге белгиленген Түштүк Кореянын тажрыйбасын мисал келтирди.