• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шашылыш билдирүү: Үшүк жүрөт

29 Аяк оона 2022 18:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында 1-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан кабарлашты. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөндөп, 1-октябрда күндүз Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 16…21°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 9…14°, тоолуу райондордо 1…6°, бийик тоолуу райондордо -1…+4° ка чейин болушу күтүлөт.

2-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлеринде -1…-3° үшүк жүрөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге коркунучтуу.

Количество просмотров: 378

Шашылыш билдирүү: Үшүк жүрөт

3 Бугу 2019 17:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.05.2019.Govori.TV.

 Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 4-6-май күндөрү Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектериндеги райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.


Количество просмотров: 6