• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

10 Жалган куран 2021 12:12 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 10-мартынан 15-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда көчкү түшүсү күтүлөт.

«Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Өтмөк ашуусу, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш унаа жолунун 165-180-чакырымдарында (Талдык жана Катын-Арт ашуулары), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 98-136-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот», — деп айтылат маалыматта.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 78