18.12.2018.Govori.TV
17-19-декабрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө жаан жаашы күтүлөт.
Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −5…-10°, күндүз −3° сууктан +2° чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн −3…-8° суук, күндүз −3° сууктан…+2° чейин, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −15…-20°, күндүз −2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн −25…-30°, күндүз −8…-13° суук болушу күтүлөт.