29-30-сентябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүп жатканы маалым болду. Жекшемби күнү Чүй, Талас облустарынын басымдуу бөлүгүндө, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл менен Нарын облустарынын айрым жеринде жаан жаап, карга айланат. Бул тууралуу Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, үшүк жүрөрүн кабарлады.
«Өлкөнүн көп жеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап турары айтылды. Чүй менен Жалал-Абаддын тоолуу аймагында жана Ысык-Көл менен Нарында жаан карга айланышы мүмкүн, ал эми тоолорго кар жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетет. Ал эми 1-2-октябрда түндө Чүй, Жалал-Абадда абанын температурасы 0…-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Талас, Ысык-Көлдө 0…-3, ал эми Нарында 0…-4 градуска чейин сууктайт»,-деп айтылат маалыматта.