• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шавкат Мирзиёев Жапонияга барат

17 Бештин айы 20199:32 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев расмий сапар менен бүгүн, 17-декабрда Жапонияга барат. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын жүрүшүндө Өзбекстан президенти Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ, Парламент кеңешчилер палатасынын президенти Акико Санто, Өкүлдөр палатасынын спикери Тадамори Осимой, премьер-министрдин орун басары, каржы министри Таро Асо менен жолугат.

Тараптар өзбек-жапон кызматташтыгын арттыруу, Өзбекстандагы ири инвестициялык долбоорлорго жапон компанияларын тартуу маселелерин карашат.

Расмий сапардын аягында саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, бажы, туристтик жана илимий-техникалык тармактарда кызматташууну бекемдөө боюнча документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Количество просмотров: 102