• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шайыр жеңе эми жаңы ыры менен кыздарды турмушка узатат (видео)

18 Теке 2018 17:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.07.2018. Govori.TV
“Кыз-жигит Сармердендин” шайыр жеңеси Анара Шаимкулова эми «Кыз узатуу» ыры менен кыздарды турмушка узатат. Бул туурасында ырчы жана алып баруучу Анара Шаимкулова Govori.TV сайтына өзү билдирди.
«Кыз узатуу ыры боюнча обончуларга буйрук берип көптөн бери бул чыгарманы аткарууну пландап жүргөм. Казактын ырчы кызы Жазира Байырбекованын ырын угуп ырды кыргызчага которуп жатып ютуб каналынан кыргызчага которулганын угуп токтотуп койгом. Кийин  бул ыр мессенджерден келип калып  жолдошум экөөбүзгө тең жагып калды. Ырдын биринчи куплетин кыргызча которуп калган текстти өзүм жаздым» -дейт Шаимкулова.
Мындан сырткары»бул менин алгачкы жазган ырым болду. Ал эми экинчи жолу Алтынай Нарбаевага сиңдиси экөөбү ырдаган «Эже сиңди» деген ырды жазып бердим. Эми буйрутма бергендердин ырын жазганга аракет кылып жатам»деп кошумчалады.

Количество просмотров: 67