Бишкек.10.01.2018.Govori.TV
Мамлекеттик статистика комитети жүргүзгөн кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгы менен Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн башчылары ээлеген кызматынан бошотулду. Бүгүн, 10-январда маалым болгондой, райондук статистика бөлүмүн мындан ары Расулбек Ташов жетектебейт.
Мындай чечим Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесинин 6-пунктунун негизинде (эмгек эрежесин одоно бузуу) кабыл алынган.
Ошондой эле, Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн башчысынын орун басары Шайырбек Арапов Нурматович кызматтан бошотулду.
https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/1764985493563898/?q=%D0%B8%D1%81%D0%BA%D0%B5%D0%BD%20%D0%B0%D1%84%D0%B8%D0%B4%D0%B6%D0%B0%D0%BD%D0%BE%D0%B2