• Дүйшөмбү 20 Теке 2026
  • Понедельник 20 Июль 2026

Ташиев «Альфа» атайын багыттагы кызматынын жаңы үлгүдөгү техникалары менен таанышты 

13 Бугу 202417:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев орун басарлары менен биргеликте атайын курман болгон жоокерлерди эскерүү максатында «Альфа» атайын багыттагы кызматына барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда Ташиев кызматтын курал-жарак жана техникасынын жаңы үлгүлөрү менен таанышып, каза болгон жоокерлерди эскерди.

Белгилей кетсек, 12-майда «Альфа» атайын кызматы тарабынан каза болгон кызматкерлерди эскерүү күнү белгиленет. Анткени, 2006-жылы ушул күнү «Альфа» атайын кызматы алгачкы аскердик жоготууларга учураган.

Количество просмотров: 82