• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ШИИББ: 1 жаш 8 айлык кызды оң бутунан ажыраткан жаран 2 айга камакка алынды

13 Бирдин айы 2018 19:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.02. 2018. Govori.TV

9-февралда Бишкектин Элебасов көчөсүндөгү жол өтмөктөн 1 жаш 8 айлык кызды жана апасын сүзүп кеткен Мерседес үлгүсүндөгү маршруттук унаанын ээси Ж.Р. аттуу жаран  2 айга камакка алынып, кылмыш иши козголду. Бул туурасында Govori.TV сайтына Бишкеке шаардык  ИИБнын басма сөз борборунун башчысы Адыл Оморов билдирди.

«Жол кырсыгы болгон күнү эле 33 жаштагы Ж.Р. аттуу жаран кармалып, 2 айга камакка алынган. Ага 281 берененин негизинде  » Транспорт каражаттарын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат» -дейт Оморов.

Эске салсак, 9-февраль күнү Мерседес үлгүсүндөгү маршруттук унаа Элебесов көчөсүнөн түндүк тарапты көздөй баратып Витебский көчөсү менен кесилишкен жерден Тойота унаасы менен сүзүшкөн. Андан соң башкаруусун жоготкон Мерседес жолдон 1 жаш 8 айлык баласын көтөрүп бараткан 34 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп, 1 жаш 8 айлык кызы жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Кийин дарыгер наристе кыздын оң буту ампутацияланганын билдирип, учурда чоң энесинин көзөмөлүндө экенин айткан.


Количество просмотров: 8