Бүгүн, 16-январда энергетика министрлигинин өкүлдөрү суукка байланыштуу республика аймагындагы абал боюнча маалымат беришти.
Анда министрдин орун басарына социалдык тармактарда тарап жаткан Ширшов менен министр Ибраевдин сүрөтү боюнча суроо берилди.
«Социалдык тармактарда тарап жаткан энергетика министри Таалайбек Ибраевдин “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов менен бирге жүрөт деген сүрөтү эски болушу мүмкүн. Министрдин сүрөттөгү кийип жүргөн пальтосун көрө элекмин», — деди Жакыпов.
Жакыпов башка комментарий берген жок.