• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Штаб: Базарларда вирус жугузуп алуунун коркунучу көп

5 Кулжа 2020 16:06 Бишкек Govori.TV

Бишкекте базарларда вирус жугузуп алуунун коркунучу көп экени байкалууда. Көпчүлүк жарандар беткап тагынбай жана аралыкты сактабай жатышат. Бул тууралуу COVID-19 пандемиясына каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 5-июндагы жыйынында айтылды.

Маалыматка караганда, илдет жугузгандардын бири инфекцияны шаардагы үч ири базардын биринен жугузушу мүмкүн. Буга байланыштуу республикалык штаб мэрияга санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүүнү сунуш кылды.

Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына ата мекендик компанияларга беткаптарды жана антисептиктерди өндүрүүгө көмөктөшүү тууралуу тапшырма берилди.

Үй карантинин сактоо, коомдук жайларда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү маселеси көтөрүлдү. Коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап тагынуу, Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарына кайдыгер карабоо, иммунитетти көтөрүп, социалдык аралыкты сактоо тууралуу элге сунуш айтылды.

Бишкек мэриясы маалымдагандай, калаанын бардык базарларында бирдиктүү стандарт киргизилген, ага ылайык бул мекемелердин жетекчилиги санитардык талаптардын сакталышына жооптуу. «Дордой» базарында күн сайын дезинфекциялоо жүрүп жатат.

Республикалык штаб жарандарды COVID-19дун белгилери байкалган учурда өзүн-өзү дарылабастан, медициналык мекемелерге, 112 (ӨКМ) жана 118 (Бишкек) Call-борборуна кайрылууга чакырат.

Количество просмотров: 116