• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Швейцарияда Гүлнара Каримовага айып тагылды

29 Аяк оона 2023 17:19 Бишкек Govori.TV

28-сентябрда Швейцариянын Башкы прокуратурасы Өзбекстандын мурдагы президентинин тун кызы Гүлнара Каримовага карата айыптоо корутундусун өлкөнүн кылмыш иштери боюнча федералдык сотуна тапшырды.

Прокуратура соттон Гүлнара Каримованын 440 миллион швейцариялык франкка тете (500 миллион долларга жакын) тоңдурулган активдерин конфискациялоону өтүндү.

Маалыматка караганда, 2001-жылдан 2013-жылга чейин Каримова «Офис» деп аталган кылмыштуу уюмду жетектеген. Анын курамына ондогон адамдар жана көптөгөн компаниялар кирген. Алар зомбулук жана коркутуу жолу менен профессионалдык бизнес катары өздөрүнүн кылмыштуу иштерин жүргүзгөн.

Гүлнара Каримова уюмду түзүүгө, анын ичинде Швейцарияда кеңсе мүчөлөрүнүн жана компаниялардын атына банк эсептерин ачууга, кылмыштуу активдерди өткөрүп берүүгө жана бул которууларды негиздөө үчүн жалган документтерди берүүгө катышкан деп айыпталууда.

Айыптоо корутундусунда Өзбекстандын телекоммуникация тармагында иштөөнү каалаган чет элдик компаниялар Каримовага пара төлөшү керек болгону, ал президенттин кызы жана мамлекеттик кызматкер катары кош макамын пайдаланганы белгиленген.

Тергөөнүн алкагында Өзбекстанга кайтаруу үчүн 340 миллиондон ашык швейцариялык франк (370,25 миллион доллар) конфискацияланган. 440 миллион франктан ашык суммадагы активдер камакта.

Швейцариянын федералдык прокуратурасы иликтөөнү 2012-жылы баштаган. Тергөө учурунда 780 миллион швейцариялык франкка барабар мүлк, анын ичинде кыймылсыз мүлк, накталай акча жана зер буюмдар конфискацияланган.

Бул кылмыш ишине байланыштуу Швеция, Франция, Норвегия, Голландия, АКШ жана Улуу Британияда бир нече иш козголгон.

Гүлнара Каримованын Швейцариядагы, Франциядагы, АКШдагы жана башка бир катар мамлекеттердеги активдеринин жалпы суммасы дээрлик 1,4 миллиард долларга бааланууда. Өзбекстан өкмөтү алардын айрымдарын кайтарып алууга аракет кылууда.

Теги:
Количество просмотров: 234