• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Самара Каримова «Инстаграмдагы» миллион катталуучусун дээрлик жарымы фейкби?

24 Баш оона 201813:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.08.2018.Govori.TV.
23-августта Самара Каримова социалдык тармактагы популярдуу болгон Инстаграм баракчасында Кыргызстандагы алгачкы миллион катталуучу топтогон.
Бул жетишкендикти ал өзүнүн баракчасына пост жазуу менен белгилеген. Ошондон кийин ЖМКлар Каримова жөнүндө жазышып, ал эми колдонуучулар ырчыга коомдук желеде куттуктоолорун айта башташкан.
Каримованын катталуучуларын жасалма жол менен топтогону ыктымал деп «Клооптун» редакциясы  ырчы айымдын инстаграмынын статистикасын изилдеп, ага жазылгандардын жүрүм-турумунан күмөндүү кубулуштарды аныктап чыкты. «Клооп» өз изилдөөсүндө LiveDune жана HypeAuditor сервистерин колдонгон.
Каримованын инстаграмын талдоодо LiveDune сервиси анын ар бир постуна орточо 11 миң колдонуучу лайк басаарын көрсөткөн – бул башка бир миллион катталуучусу бар аккаунтарга салыштырмалуу эки эсе аз. Демек бул чоң сандагы «жансыз» аудитория тууралуу кабар бериши ыктымал.

Ал эми Каримованын постундагы лайктардын өзү LiveDuneдун талдоосуна ылайык, «жасалма жол менен топтолушу ыктымал».
Эгер ырчынын постторун талдап көрсө, андагы лайктар акырындык менен эмес, дароо эле кескин беш миңдик секирик менен кошулуп калаарын байкоого болот.
Каримованын бул постунда жогоруда аталган нерсе эки жолу болгон (графикадагы көк сызык):

Ал эми бул постто бир жолу секирик болгон:

Бул постто да 5 миңдик секирик эки жолу байкалган жана ал түнкүсүн болгон:

Каримованын инстаграмын HypeAuditor сервиси аркылуу талдоо анын 400 миңге чукул катталуучусу шектүү аккаунттарга тиешелүү экенин көрсөткөн.

Ал эми Каримова инстаграм аккаунтун өзү колдоноорун жана жасалма катталуучу топтоо тууралуу эч нерсе билбестигин билдирген.
«Мен түштөн кийин же кечкисин адамдар жумуштан үйлөрүнө кайткан учурда пост чыгарам — лайктар көбөйүп калат. Мен адамдар интернетте дайыма эле жигердүү боло беришпейт деп ойлойм. Алар кирип-чыга беришет, ошондуктан пост көрүп калганда лайк басып коюшат», — деп түшүндүрдү ырчы.
Ырчынын айтымында, ал түз эфирлер аркылуу катталуучулары менен дайыма баарлашып турат. «Менин катталуучуларымдын баары жигердүү», —деп кошумчалаган Самара Каримова.
Количество просмотров: 55