• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шыкмаматовдун соту болот

27 Жалган куран 2018 9:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.03.2018. Govori.TV.
Бүгүн 27-мартта  Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовдун соту Бишкек шаардык сотунда болот. Бул туурасында адвокаты Чынара Жакупбекова Govori.TV сайтына билдирди.
Бүгүн сотко Шыкмаматов өзү келери күтүлүүдө.
Эске сала кетсек, март айынын башында Алмамбет Шыкмаматов инфаркт коркунучуна байланыштуу ооруканага жаткырылып, соттук териштирүүгө катышкан эмес. 13-мартка жылдырылган соттук териштирүү 27-мартка калтырылган.
Белгилей кетсек, депутат былтыр жыл этегинде да жүрөк оорусунан улам бейтапканада дарыланып чыкканы кабарланган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси («Кылмышка шериктеш болуу»), 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча айыпталууда.
Количество просмотров: 9