Чек ара боюнча дипломатиялык маселелер бар. Бул тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Кыргыз тараптан тажик жарандары үйлөрдү сатып алып, биздин жер деп доомат коюп жаткан маселелер бар. Кыргызстанда чек ара маселеси өкмөткө жүктөлсө, Тажикстанда бул маселе президенттин колунда экен,-деди Шыкмаматов.