• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Шыкмаматов: Канатбек Азиз жаш муундун өкүлү, биз аны колдойбуз

26 Аяк оона 2018 13:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.09.2018.Govori.TV.
Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын шайлоо жөнүндө маселе каралып жатат. Депутат Алмамбет Шыкмаматов талапкерлер боюнча өз оюн билдирди.
“Биз акыйкатчы кызматына Канатбек Азизди сунуштап жатабыз, себеби ал жаш муундун өкүлү, юридикалык илимдердин доктору жана дагы баардык талапкерлердин арасынан Канат Азиз өзүнүн түшүнүктүү программасын сунуштап, коомчулукка жарыялады. Президентибиз да акыркы сөзүндө бизнести өстүрүшүбүз керек, бизнес омбудсменди колдошубуз керек деген идеяны айтпадыбы, ал эми Канат Азиздин программасында көрсөткөн, туура муну Канат Азиз өзү ойлоп тапкан жок, бул дүйнөлүк практика, бирок, ошол идеялар колдоого алынып жатат да. Биз Канат Азизди колдойбуз жана башка депутаттарды да үгүттөйбүз ”,- деди өз сөзүндө Алмамбет Шыкмаматов.

Количество просмотров: 25