• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шыкмаматов: «Транспорт салыгын жок кылуу керек»

23 Бештин айы 202416:42 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын жаңы жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 23-декабрда күйүүчү-майлоочу майдын ар бир литрине 1 сомдон алуу тууралуу өз пикирин билдирди.

ЖК комитетинде Шыкмаматов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, автотранспорттун түрлөрүнөн мүлк салыгын алып салууну токтотуу керек деген пикирин айтты.

«Бизде мүлк салыгы короодо бузулуп турган машиналарга да төлөнөт. Ал машина жүрүп жатабы же жүрбөй жатабы баары бир төлөш керек. Азыр ар бир литр бензинге 1 сомдон киргиздик, 15 литрден – 15 сом деп. Бул каражаттардын баары Жол фондуна түшөт жана максатына жараша колдонулат. Бирок кош салыкты болтурбоо үчүн автотранспорттун бардык түрүнө карата мүлк салыгын алып салуу зарыл. Бул менин жеке пикирим, сунуш катары айтып жатам», — деп белгиледи Шыкмаматов.

Количество просмотров: 189