• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЭТТН маселеси Шыкмаматов менен Амангелдиевди айтыштырды

23 Бештин айы 202417:34 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 23-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып кайым айтышып кетти.

Жыйында Шыкмаматов буга чейин өкмөт киргизген “электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы (ЭТТК) товардын бардык түрүнө эмес, беш гана товарга киргизилиши керек” деген пикирин айткан. Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева “мындай идеяны Алмамбет Шыкмаматов кызматка жаңы дайындалган соң айтып жатса, демек президент менен макулдашылган” деп түшүнүп жатканын белгилеп, муну кубаттай турганын билдирди.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев сөз алып, Алманбет Шыкмаматовдун электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз тууралуу сөзү анын жеке пикири экенин, ал дагы талкууланышы керектигин белгиледи.

Количество просмотров: 348