• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сибирь ЖОЖдоруна Кыргызстандан быйыл 199 студент кабыл алынды

30 Аяк оона 202414:25 Бишкек Govori.TV

КР Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле Омск жана Томск шаарларындагы ардактуу консулдардын жардамы менен 2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстандан 199 абитуриент кабыл алынган. Алардын ичинен 195 абитуриент бюджеттик окутуу формасына өткөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кыргызстандыктардан Сибирь мамлекеттик медициналык университетине 12 студент, Томск мамлекеттик университетине 105 студент, Томск политехникалык университетине 3 студент жана Томск мамлекеттик архитектура жана курулуш университетине 22 студент кабыл алынган.

Омск мамлекеттик медициналык университетине 4 студент, Омск мамлекеттик техникалык университетине 16 студент өткөн.

Ал эми Новосибирск мамлекеттик техникалык университети 30 студент, Сибирь мамлекеттик байланыш жолдору университети 2 студент жана Сибирь мамлекеттик телекоммуникация жана информатика университети 5 студентти окутат.

Белгилей кетсек, маданий-гуманитардык жана илимий-билим берүү кызматташтык алкагында, КР Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан 2023-2024 жана 2024-2025-окуу жылдарына 428 абитуриентке Сибирь жогорку окуу жайларына тапшырууга көмөк көрсөткөн. Алардын ичинен 398 абитуриент бюджеттик окуу формасына кабыл алынган.

Количество просмотров: 85