• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сиз Исаков менен доссузбу? Премьер-министр фэйсбуктагы достору менен жолукту

8 Бештин айы 2017 12:11 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Сапар Исаков фейсбук баракчасынын активдүү колдонуучулары менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу жаңы долбоорун сунуштаган жана жеке маселелерин айткан колдонуучулары менен болду. Алгач Сапар Исаков Исаков мындай иш-чараны өткөрүү маанилүүлүгүн белгилеп, катышуучуларга активдүү жарандык позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Сиздерге белгилүү болгондой, өкмөттүк аппараттын түзүмүндө бөлүм түзүлгөн, ал орун алган көйгөйлөр боюнча ыкчам жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу үчүн социалдык тармактарды мониторингдөө менен алектенет”, — деди Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, өкмөттүн жаңы курамынын келүүсү менен ачыктык саясаты жарыяланган, буга байланыштуу жарандык коом менен байланыш күчтөндүрүлгөн. “Биз үчүн такай жолугушуп туруу маанилүү. Өкмөт жана мамлекеттик органдар бардык пикирлерди эске алуу менен чечимдерди кабыл алууда ката кетирбеши керек”, — дейт өкмөт башчы.

 

Количество просмотров: 7