Токмок шаарында жайгашкан «Скорпион» атайын багыттагы аскер бөлүгүндө машыгуу учурунда сержант кокусунан старшинаны атып алган. Бул тууралуу күч органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Коргоо министрлиги 14-августта өлүмгө алып келген өзгөчө кырдаал катталганын билдирди. Окуя согуштук даярдык боюнча пландалган сабактарды өткөрүү учурунда болгон: сержант М.А. куралды этиятсыздык менен колдонуудан улам келишим боюнча кызмат өтөгөн старшина Б.Б.ны атып алган. Жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген, бирок жолдо каза болгон.
Аскер прокуратурасы кызматтык иликтөө баштады.