• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Биринчи Май РИИБ нын кызматкери кафедеги жаңжалда каршылашын бутуна атты

13 Аяк оона 2018 9:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.09.2018. Govori.TV

Биринчи Май РИИБ нын кызматкери шаардагы кафелердин биринде мушташ чыгарып, каршылашын бутуна аткан. Бул туурасында Биринчи Май РИИБ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошол түнү криминалдык милициянын детективинин Нурсултан аттуу кызматкери өзүнүн кесиптештери менен бирге борбордун, Ахунбаева көчөсүндө жайгашкан, «Империя пиццы» кафесинде эс алып жүргөн. Спирттик ичимдектер ичилген соң, кафеде отурган башка бирөөлөр менен жаңжал чыгып, эшикке чыгып мушташышып,  бир кишинин бутуна атканы айтылат.

Учурда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө изилдөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 86