Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында скутер минген адам көлгө чөгүп кетти.
«Ал скутер айдап баратып Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылына жакын жерде жыгылып, чөгүп баштаган. Ал суудан чыгарылып, ооруканага жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.
Райондук ички иштер бөлүмүнө саат 20:06да бир адам оор абалда ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн.
Бул билдирүү Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Текшерүү учурунда чөгүп кеткен адамдын өздүгү такталып, ал 35 жаштагы Чок-Тал айылынын тургуну болуп чыкты. Эркек ошол эле күнү саат 21:10дор чамасында оорукананын реанимация бөлүмүндө каза болгон.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет.