• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 63 кишиден жаңы аныкталды

13 Жалган куран 2021 12:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 63 кишиден жаңы аныкталды. Инфекцияны жугузуп алгандар Бишкек шаарында жана Чүй облусунда көп катталган.

  • Бишкек — 26
  • Ош — 3
  • Чүй облусу – 20
  • Ош облусу — 2
  • Талас облусу — 0
  • Нарын облусу — 4
  • Ысык-Көл облусу – 7
  • Жалал-Абад облусу – 1
  • Баткен облусу — 0

Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди. 13-мартта коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Саламаттык сактоо жана социалдык жактан өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1480 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 818 киши. Анын 83 809у айыгып чыкты.

Азыр 318 киши ооруканада. Анын 17си өтө оор, 78и оор абалда жатат. Үй шартында 272 адам дарыланып жатканы расмий кабарланды.

Количество просмотров: 87