6 АЙДА ӨРТ КЫРСЫГЫНАН 19 АДАМ КАЗА БОЛГОН
Кыргызстанда 6 ай ичинде 1662 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиясында айтылды.
Үстүбуздөгү жылдын 6 айында тилсиз жоонун кесепетинен 19 адам каза болгон. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 9,5 % азайган.
Ал эми өрт кырсыгынан улам келтирилген материалдык чыгым 718 млн 913 миң сомду түзүп, 3,2 эсеге көп болгон.
ЧЕК АРАДА УНАА ТЫГЫНЫ ЖАРАЛДЫ
Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек”, “Чоң-Капка”, “Чалдыбар” жана “Ак-Жол” өткөрмө бекеттеринде жүк ташыган унаалардын узун кезеги жаралды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Салык кызматынын “Жыйынды пост” маалымат системасы 27-июлда кечки саат 22.50до белгисиз себептерден улам бузулуп калган. Мындан улам тыгын пайда болгон.
“Ошол эле учурда Чек ара кызматынын тышкы миграцияны каттоо системасы штаттык режимде иштеп жатат. Жагдай тууралуу айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”, — деп жазылган маалымАТТА.
КУРУЛУШ БУЗУЛДУ
Бишкектин Севастопольская көчөсү, 8 дарегинде мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үй аныкталып, курулушу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан шаардык прокуратуранын жана Экономика министрлигинин көрсөтмөсүнүн негизинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн.
«Текшерүүнүн жыйынтыгы менен куруучу «Кыргыз Интер Строй» ЖЧКсына КР «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 144-беренесине ылайык административдик чаралар көрүлдү»,-деп айтылат маалыматта.
Андан ары материалдар сот органдарына өткөрүп берилет.