• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бала бакчалар качан иштей баштайт? Коронавирустан эки киши каза тапты

15 Аяк оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 14-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан эки киши каза тапты. Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2578 адамга жетти. Соңку бир суткада вирус дагы 81 адамдан табылды.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19ду жуктуруп алгандардын жалпы саны 177 389 кишиге жетти.

Учурда 603 бейтап ооруканада жатат, 978 киши​ үйдөн дарыланууда. Бир суткада 117 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 171 767 киши.

ОКУУ САТТУУ ТҮРДӨ БАШТАЛДЫ

Бишкекте бала бакчалар 20-сентябрдан тартып толук иштей баштайт. Маалыматка ылайык, бала бакчалардагы жогорку жана мектепке даярдоочу тайпалар буга чейин эле барып жатышканын, 20-сентябрдан тартып толук иштейт.
Билим берүү жана илим министрлиги 15-сентябрдан тартып Кыргызстанда бардык мамлекеттик бала бакчалар да кадимки тартипте иштей турганын билдирген.
Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата бала бакчалардын кызматкерлеринин 82% коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
Кыргызстанда жалпысынан 1648 мамлекеттик бала бакча бар. Алардын баары 2020-жылдын жазында коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган бойдон толук ачыла элек.
15-сентябрда мектептер толук ачылды. 

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 3 КИШИ КӨЗ ЖУМДУ

Жалал-Абадда жол кырсыгынан 3 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 15-сентябрь күнү саат 07:10 чамасында Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында Бишкек-Ош унаа жолунун 308-чакырымында MAN күйүүчү май ташуучу унаа менен Жигули ВАЗ-2107 кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши окуя болгон жерде каза болгон.

“5 куткаруучу тартылып, Жигули ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү авто унаада кыпчылып калган 3 жаранды чыгарышкан”,-деп айтылат маалыматта.

Каза болгон жарандардын өздүгү такталууда.

Количество просмотров: 71