• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бейшеналиев хирургия борборуна барды. Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин унаалары кырсыктады

1 Бирдин айы 2024 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖЕР ТИЛКЕСИ МАМЛЕКЕТКЕ ӨТТҮ

Мурда «Ак-Жол Болсун» ЖЧКсына таандык болгон 0,2275 га чарбалык жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жер тилкеси мыйзамсыз алынган жерлерди кайтарып алуу боюнча мамлекет жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясаттын алкагында кайтарылган.

Тактап айтканда, аянты 2275 чарчы метр жер тилкесин кайтарып берүү жөнүндө доо биринчи инстанция жана экинчи инстанция сметалык баасы 13 млн 760 миң 900 сом мамлекеттин балансында толугу менен кайтарылды.

КЫТАЙ ЭЛЧИЛИГИНИН УНААСЫ КЫРСЫКТАДЫ

1-февралда Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин эки автоунаасы Бишкекте жол кырсыгына кабылды.

Маалыматка ылайык, кырсык Чыңгыз Айтматов проспектисинде, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында катталган. Окуя болгон жерде Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь да жүрөт. Элчиликтин BMW үлгүсүндөгү машинелери Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан.

МИНИСТР ХИРУРГИЯ БОРБОРУНА БАРДЫ

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургия борборуна барды.

Министрликтен билдиришкендей, Бейшеналиев сапарынын алкагында академик Мамбет Мамакеев менен жолугушуп, боор хирургиясы бөлүмүндөгү боорду трансплантациялоого даярдык иштеринин алкагында жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.

«Адамдын органдарын трансплантациялоого адистештирилген саламаттык сактоо мекемелеринде уруксат берилет. Улуттук хирургия борбору бардык талаптарга жооп берген тиешелүү операциялык бөлмөлөрү бар үчүнчү дэңгээлдеги саламаттык сактоо уюму болуп саналат. Бул жерде тажрыйбалуу адистер да иштешет. Ошондуктан биз боорду алмаштыруу операциясын жүргүзүү үчүн ушул медициналык мекемени тандап алдык», — деп белгиледи министр.

Количество просмотров: 56