• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкек ЖЭБде абал туруктуу. Иминов абакта калды

5 Бирдин айы 2024 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖЭБДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, абал туруктуу, жабдуулар штаттык режимде иштеп жатат. Учурда 9 казан агрегаты жана 4 турбогенератор иштеп жатат, суунун температурасы 60-65 градуска жакын.

Министрлер кабинетинин башчысы оңдоо иштерин тездетүү жана күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

ИМИНОВ КАМАКТА КАЛДЫ

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов 4-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында калтырылды.

Чечим Биринчи Май райондук соту тарабынан 31-январда кабыл алынган.

Буга чейин анын эч жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасын өзгөртүп 4-февралга чейин камакка алуу өтүнүчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берип, сот аны канааттандырган.

УКМК Ахрор Иминовду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылап келген деген шек менен 2023-жылы 11-октябрда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен айып тагылган.

СУТКА ИЧИНДЕ 7 ӨРТ КАТТАЛДЫ

Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинде: Ош облусунда – 1; Чүй облусунда – 3; Жалал-Абад облусунда – 1; Ысык-Көл облусунда – 2 тилсиз жоо катталган.

Количество просмотров: 60