• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Бишкекте кампа өрттөнүп, 1 киши каза болду. Кара-Кечеде көмүр казуу бир жумага токтотулду

17 Бештин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 17-декабрга карата коронавирус дагы 29 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Ал эми бир суткада 39 адам илдеттен сакайып чыкты, 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 303 бейтап, амбулатордук түрдө 348 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 123 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 205 киши айыгып чыкса, 2 миң 779 адам каза болду.

КАРА-КЕЧЕДЕ КӨМҮР КАЗУУ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛАТ

Кара-Кече кенинде көмүр казуу бир жумага токтотулду. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кара-Кече кенинде тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу 15-декабрдан 20-декабрга чейин көмүр казуу токтотулган.

«Көмүр 20-декабрда бериле баштайт. Ал эми Бишкек ЖЭБге көмүр үзгүлтүксүз ташылууда», — деп айтылат маалыматта.

КАМПАДА ӨРТ ЧЫГЫП, БИР АДАМ КАЗА БОЛДУ

 Бүгүн, 17-декабрга караган түнү саат 02:14 чамасында Биринчи май районунун Васильев көчөсүндө жайгашкан автобазанын аймагындагы курулуш фирманын кампасынын 50 чарчы метр ички жасалгасы күйдү.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 02:43тө өрт чектөөгө алынып, саат 05:17де толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен 45-50 жаш чамасындагы К.Н. аттуу эркек киши каза болду жана анын сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 329