Бишкек шаарындагы көмүр кампаларында көмүрдүн баасы 5300 сом. Ал эми Чүй облусунун райондорунда көмүрдүн баасы 5000-5800 сомго чейин болууда.
“Көмүр кампаларында баалар кымбаттабайт, Бишкектин тургундарына да жеткиликтүү болот дейт” , — «Кыргызкөмүр” ишканасынын сатуу башкармалыгынын башчысы Эркин Акматов.
Көмүр кампаларында да көмүрдүн баасы 5300 сомдон сатылып жатыптыр. Кампаларда иш кызуу жүрүп, кардарлардын саны да көп. Көмүр кампасынын жумушчулары дагы мамлекет камсыздап жаткандыктан «кара алтындын» таңкыстыгы болбойт дешүүдө.
Мамлекеттик кампалар менен тушташ жайгашкан көмүр сатуучу жайларда да жеке ишкерлер көмүрдүн баасын 5500 сомдон сатышууда. Эмнеге кымбат деген сурообузга бир дагы сатуучу жооп берген жок.
Парламент жыйынында антимонополия кызматынын өкүлдөрү көмүргө көзөмөл жүргүзүлүп баа көтөрүлбөй тургандыгын айтышкан.