• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте жаңы стадиондун курулушу башталат. Ак үйдүн алдында митинг өттү

15 Кулжа 2022 14:09 Бишкек Govori.TV

БИШКЕКТЕ ЖАҢЫ СТАДИОН КУРУЛАТ

Үстүбүздөгү жылдын августунда Бишкекте 22,5 миң орундуу заманбап жаңы стадиондун курулушу башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Белгилей кетсек, президент 14-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан менен Тажикстандын курамаларынын ортосунда болгон беттешке барды.

Бул биздин команда үчүн Азия кубогу-2023кө тандоо этабындагы акыркы оюну болчу. Эки команда тең Азия Кубогу-2023түн финалдык баскычына чыгышты.

Беттеш аяктаган соң мамлекет башчысы улуттук кураманын кийим алмаштыруучу жайына кирип, команданы бул ийгилиги менен куттуктады.

«Садыр Жапаров көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн жагымдуу жаңылык— үстүбүздөгү жылдын августунда Бишкекте 22,5 миң адам батарлык заманбап жаңы стадиондун курулушу башталарын билдирди».

Садыр Жапаров белгилегендей, бул эл аралык мүнөздөгү ири иш-чараларды тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө мүмкүн болгон көп функциялуу спорттук арена болот. Бул Кыргызстанда футболду өнүктүрүү жана спорттун бул түрүн мындан ары жайылтуу үчүн зарыл.

ДЕПУТАТ АТАЗОВГО КАРШЫ МИТИНГ ӨТТҮ

Бүгүн, 15-июнда Ак үйдүн алдында нааразычылык акциясы өттү. Чогулгандар «Эркин айым — өнүккөн өлкө», «Атазов мандатыңды тапшыр!» деген жазууларды кармап чыгышкан. Ак үйдүн алдына чыккан жарандарга депутат Атазов чыкты.

Митингдин катышуучуларына чыккан Атазов чогулгандардын кадамын сынга алып, нааразы пикирин билдирди. Белгилей кетсек, акциянын катышуучулары Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун парламент жыйынында айткан сунушуна каршы пикирин билдиришүүдө.

Буга чейин депутат Шайлообек Атазов 9-июнда өткөн маалымат жыйында жаш кыздардын чет өлкөгө мигрант болуп кетишине чек коюуну сунуштаган.

№47 АБАК ЖОЮЛДУ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №47 мекемесин жоюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынды. № 47 мекемени жоюу чечими коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, Бишкек шаарынын инфраструктурасын жана соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, № 47 мекеме Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабында, калк жыш жайгашкан аймакта жайгашкандыктан, жанаша жайгашкан турак жайлардын жарандарына ыңгайсыздык жаратып, жаза өтөө жайларын куруудагы заманбап талаптарга жооп бербейт.

Ошондой эле № 47 мекемени жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн тиешелүү комиссия түзүлдү.

Количество просмотров: 205