• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: “Чоң Казат” кыймылынын дагы бир мүчөсү суракка чакыртылды

3 Кулжа 2020 14:14 Бишкек Govori.TV

Мектептерде мамлекеттик аттестациялоо башталды

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүсү боюнча, Кыргызстандагы мектептерде 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик аттестациялоо санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүлүп жатат.
Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтөт.
Алардын ар бир боюнча комиссия түзүлгон. Комиссия курамы бүтүрүүчүнүн буга чейинки текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коёт.
Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу быйыл бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы өзгөргөн.

УКМК: Саимаитинин өлүмү боюнча иш сотко өткөрүлүп берилди

Айеркен Саимаитинин өлүмүн Түркиянын полициясы иликтеп жатат. Бул тууралуу кечээ, 2-июнда Айеркен Саимаитинин айланасындагы окуяларды иликтөө максатында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын отурумунда УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин Сагынбек уулу билдирди.
«Акыркы маалыматтар боюнча, иш сотко өткөрүлүп берилди. Буга чейин айтылгандай анын өлүмүнө 4 адам шектелип жатат», – деди ал.
УКМКнын төрагасынын орун басары Талантбек Салиевдин айтымында, Кыргызстандан тергөөчүлөр Түркияга барып, шектүүлөр менен сүйлөшкөн.
«Алар биздикине окшобогон диалект менен сүйлөшөт экен. Шектүүлөрдө Кыргызстандын паспорту жок. Дарегин сураганда Аравандагы так дарегин айта алышкан жок. Керек болсо Оштогу көчөнүн аталышын билишпейт экен», – деди ал.
2019-жылы 10-ноябрда Стамбулда куралдуу кол салуунун кесепетинен ишкер Айеркен Саимаити каза болгон. Анын ысымы Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган. Ишкер өлтүрүлгөн жерден Стамбулдагы мурунку консул Эркин Сопоковго таандык 34 CC 2092 консулдук номуру тагылган «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унаа табылган. Кийинчеээрк шектүү катары 4 адам кармалган.

“Чоң Казат” кыймылынын дагы бир мүчөсү суракка чакыртылды

“Чоң Казат” кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча чыккан экспертизанын жыйынтыгы боюнча ИИМге суракка кирип, бир сааттан ашык убакытка чейин суралып чыкты. Анын айтымында ал күбө катары суралган.
Ал эми бүгүн ИИМге “Чоң Казат” кыймылынын дагы бир мүчөсү Максат Мамытканов суракка чакыртылды.

Депутат чек ара боюнча маалымат берүү үчүн Бороновду парламентке чакырды

Депутат Закир Шарапов Жогорку Кеңештин бүгүн, 3-июндагы жыйынында премьер-министрдин убактылуу милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду парламентке келип, Баткендеги Чечме аймагында кыргыз-өзбек чек арасында чыккан жаңжал боюнча толук маалымат берүүсүн талап кылды.
Депутат билдиргендей, учурда жергиликтүү жана өзбекстандык ЖМКларда Кыргызстан Өзбекстан тараптан кечирим сурагандыгы тууралуу маалымат тарап жатат.
“Коңшу өлкөнүн премьер-министри Арипов Кубатбек Боронов менен сүйлөшкөндөн кийин өзбек эли менен жолугуп, анда чоң бутканын үстүнө чыгып алып “кыргыз тарап Сох анклавынын жолун ачып, каридор түзүп беребиз деген убаданы берди, жайыт маселесин караштырып бере турган болду жана Сохко кирүү үчүн 80 чакырым кыскарткан жолду ачып, бирок 2-3 күндөн кийин кайра жаап койгону үчүн кыргыз тарап кечирим сурады” деп айтканы маалымдалды. Биз эмне үчүн кечирим сурашыбыз керек? ”, – деди Шарапов.

ӨЛКӨДӨГҮ ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ
Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча 3 июньга карата коронавирус илдетин жугузган 26 учур катталса, абсервацияда жаткан 46 бейтап айыгып чыккан. Жугузуп алгандардын ичинен бир адам медицина кызматкери экени айтылды. Үч адам каза тапты.

Количество просмотров: 104