• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Доллардын баасы кайрадан өсүүдө. Бүгүн да COVID-19дун жаңы учуру катталган жок

6 Чын куран 2022 14:10 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 6-апрелге карата COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 4-5-апрель күндөрү да өлкө боюнча коронавирустук инфекциянын жаңы учуру катталган эмес.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада 11 адам илдеттен сакайып чыгып, илдеттен каза болгон учур катталган жок. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 89 бейтап, амбулатордук түрдө 31 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 968 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 268 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

ДОЛЛАРДЫН БААСЫ ӨСҮҮДӨ

Кыргызстанда АКШ долларынын курсу кайрадан көтөрүлдү. Акыркы суткада эле валюта баасы 6 сомдон ашык кымбаттады. 6-апрелде тушкө карата банктар долларды 94-95 сомдон сатып, 93-94 сомго сатып алууда.

Базарда доллардын курсу өсүп жатканына карабай, Улуттук банк расмий курсту 85,70 сом деп белгилеген.
Орусия-Украина кырдаалынан улам кыргызстанда акыркы жылдары 85 сомдун тегерегинде кармалып турган доллар 106 сомго чыккан. Өткөн аптада доллардын сомго карата баасы 7% чейин арзандаган. 5-апрелде расмий курс 85,7 деп аныкталып, базарда бир доллардын баасы 78 сомго чейин түшкөн.

Улуттук банк 30-31-март күндөрү эки жолу 20 млн. долларга жакын валюта сатып алуу боюнча интервенция жүргүздү.

ОБЛУС БАШЧЫЛАРЫ ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГАТ

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуулар өлкө жарандарынын жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү максатында өтөт.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө көтөрүлгөн бардык маселелердин чечилишин контролдоо президенттин аминистрациясы тарабынан жүргүзүлөт.

Иш-чаралар бекитилген графикке ылайык өткөрүлөт.

«КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин жолугушууларына бардык кыргызстандыктарды активдүү катышууга чакырабыз»,- деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 243