• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Элдик курултай ишин баштады. Өрттө үй ээси көз жумду

25 Жетинин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КУРУЛТАЙ ИШИН БАШТАДЫ

25-ноябрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан биринчи Элдик курултайга Кыргызстан боюнча 1072 делегат катышууда.

Ага Баткенден 71, Жалал-Абаддан 147, Нарындан 128, Оштон 179, Таластан 76, Чүйдөн 218, Ысык-Көлдөн 127, Бишкек шаарынан 60, Ош шаарынан 30, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 26 жана диний конфессиялардан 10 делегат шайланды. Башта курултайга 1074 делегат катышары айтылган. Курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, өкмөттүн мүчөлөрү жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышууда.

Курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров биринчи Элдик курултайды ноябрда өткөрүү тууралуу жарлык чыгарган.

ӨРТТӨ ҮЙ ЭЭСИ КАЗА БОЛДУ

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда турак үйдөн өрт чыгып, анда үй ээси көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 03:50дө Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 04:15те №4 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм, 1 суу ташыгыч унаа, саат 04:42де Штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 05:45те чектөөгө алынып, саат 07:07де толук өчүрүлдү.

Жалпы аянты болжол менен 130 ч.м. жыгач устундуу шифер жабылган турак үй толугу менен өрттөндү. Ошондой эле үйгө кошулган сарай, таштанды күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1949-жылы туулган Л.О.А. аттуу үй ээси каза болгон. Учурда өрттүн себеби такталууда.

23 ООРУКАНА КУРУЛАТ

Кыргызстанда 2023-жылы 23 заманбап оорукананын курулушу пландалып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ошондой эле жыл аягына чейин 97 тез жардам унаасын сатып алынып, анын 33ү Баткен облусуна жөнөтүлөрү пландалууда.

Маалым болгондой, Баткен облусунун Лейлек районунда Катар кайрымдуулук фондунун эсебинен 230 орундуу оорукана куруу пландалууда.

Мындан тышкары, Баткен шаарында жана Лейлек районунда «Кызыл жарым ай» коомунун жардамы менен заманбап өлүккана курулат.

Количество просмотров: 1360