• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Энергетика министринин орун басары дайындалды. Мунай базасындагы өрттүн чоо-жайы иликтенет

21 Кулжа 2023 14:02 Бишкек Govori.TV

СОКУЛУКТАГЫ ӨРТТҮН ЧОО-ЖАЙЫ ИЛИКТЕНЕТ

Милиция Сокулуктагы мунай базасындагы өрттүн чоо-жайын иликтей баштады. Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан агенттикке билдиришкендей, аталган факт Сокулук райондук милициясынын маалыматтардын бирдиктүү журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын чоо-жайы такталууда.

МАМЫЛАРГА ЖАРНАМА ЧАПТАБОО СУНУШТАЛДЫ

Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери тирөөч мамыларды иретке келтирип, чапталган жарнамаларды тазалоодо.

Муниципалитеттен билдиришкендей, башкармалыктын кызматкерлери буга чейин дагы шаардагы бардык мамыларды тазалап, сырдап, иретке келтирип келишкен.

Бирок, убакыттын өтүшү менен мамыларда кайрадан ар кандай кулактандыруулар чапталып, алардын көрүнүшүн бузууда.

Бишкек мэриясы жарандардан жарнамалык брошюраларды жана жарнактарды тирөөч маамыларга чаптабоону суранат.

ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ДАЙЫНДАЛДЫ

Байгазиев Талайбек Аскарович энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКтын төрагасы болчу.

Количество просмотров: 64