• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Көчкү алдында калган кишинин сөөгү табылды. Түркияга жаржам чогултулууда

13 Бирдин айы 2023 13:58 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ БУДАПЕШТКЕ БАРДЫ

Президент Садыр Жапаров 12-февралда расмий сапар менен Будапешт шаарына (Венгрия) барды.

Мамлекет башчысынын учагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду. Аэропортто килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди. Президентти Венгриянын Президенттик Администрациясынын башчысы Геркели Эклер тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында Мамлекет башчысы Венгриянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, жана ошондой эле өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу жана башка расмий иш-чаралар пландалган.

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.

ТҮРКИЯГА ЖАРДАМ

Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери Түркиядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк маяналарын материалдык жана каржылык жардам катары которууну улантууда. Бир күндүк маянасын КР президентинин администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери баш болгон бир катар министрликтердин кызматкерлери которду.

Эске салсак, Кыргызстанда Түркиядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө каражат топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалаган ар бир адам каражат которо алат.

КӨЧКҮ АЛДЫНАН АДАМ СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Алай районунун Мурдаш айылында кар көчкү алдында калган 59 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал үч күн мурун айылдан үч чакырымдай аралыктагы тоого мал издегени чыгып, кар көчкү алдында калган.

Издөө иштерине ӨКМдин 21 куткаруучусу, төрт милиция кызматкери жана 20 чакты ыктыярчылар тартылган.

ӨКМ күн жылып жатканына байланыштуу тоолуу аймактарда жана автоунаа жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу бар экенин эскертип, жарандарды этият болууга чакырып келет.

Количество просмотров: 430