• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери уланууда

12 Бештин айы 2023 14:04 Бишкек Govori.TV

БАТКЕНДЕ УКМКНЫН ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

Президент Садыр Жапаров Баткен аймагына болгон жумуш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аталган облустагы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу Президенттик администрация кабарлады.

Чогулгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчы «бул жаңы имарат жана коопсуздук кызматкерлери үчүн жакшыртылган шарттар алардын ишинде жаңы жетишкендиктерге жетишүүдө негизги ролду ойной турганы талашсыз экендигин» белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Садыр Жапаров аймактагы сапарынын алкагында 11-декабрда Баткен районунун Ак-Сай айылындагы жаңы мектептин жана Самаркандек айылында жаңы курулган оорукананын имаратынын ачылышына катышты.

МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАР БУЗДУРУЛУУДА

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери кызуу жүрүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардын Орозбаев жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан бастырмалар алынып, 400 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.
Буга чейин башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты өз билемдик менен орнотулган объекттерден, ошондой эле мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу жөнүндө билдирүү берилген.
Мындан тышкары, башкармалык тарабынан бир жума ичинде уруксат берүүчү документтери жок жарнамалык конструкцияларды орнотуу жана жер пайдалануу эрежелерин бузган жактарга 18 протокол түзүлүп, 100 миң сом айып салынды.

КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮ КОРКУНУЧУ БАР

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-13-декабрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 65