• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: «Кара-Суу» базарында төрт салыкчы кармалды. Окуучулар менен студенттер эвакуацияланды

18 Бештин айы 2023 13:59 Бишкек Govori.TV

МЕКТЕПТЕРДЕ ЭВАКУАЦИЯ ИШИ ЖҮРҮҮДӨ

Бишкекте бир эле учурда № 33, 89, 67 мектептеринин жана Кыргыз-Орус Славян университетинин башкы корпусунун имаратында бомба изделүүдө. Бул тууралуу  Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын билдирүүсүнө караганда, жеринде ыкчам-тергөө топ иштеп жатат. Окуу жайлардын имаратынын аймагы курчоого алынган.

Кызматкерлер, мектеп окуучулары жана студенттер эвакуацияланды. Жеринде ошондой эле ИИМдин кинологдору иштеп жатышат.

САЛЫКЧЫЛАР КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети салык инспекторлору тарабынан системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу жана Оштогу «Кара-Суу» базарынын ишкерлеринин, соодагерлеринин патентин төлөөгө багытталган акча каражаттарын ыйгарып алуудагы туруктуу коррупциялык схема аныкталганын маалымдады.

15-декабрда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун базарларын көзөмөлдөгөн төрт салык инспектору кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Салык кызматкерлери ишкерлерди патент жана башка салык төлөмдөрүн төлөөгө көмөк көрсөтөбүз деп алдоо жолу аркылуу аларды ишендирип, каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алып турушкан.

БИР СУТКАДА 13 ӨРТ КАТТАЛГАН

Кыргызстанда сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 күжүрмөн эсеп тартылган:

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 3, Баткен облусунда 1өрт катталган.

Количество просмотров: 84