• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант берди. Атамбаевдин абалы айтылды

20 Бирдин айы 2020 14:09 Бишкек Govori.TV

ӨКМӨТ МҮЧӨЛӨРҮ АНТ БЕРДИ

Жаңы вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев менен Акрам Мадумаров Жогорку Кеңештин 20-февралдагы жыйынында ант беришти. Ант берүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, өкмөттүн толук курамы жана депутаттар катышты. Экономика тармагын тейлеген мурдагы вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кызматтан алынып, ордуна Эркин Асрандиев дайындалган. Ал буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп турган. Дагы бир мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кетип, анын ордуна Акрам Мадумаров дайындалган. Парламентте ошондой эле өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган Замирбек Аскаров да ант берди.

АТАМБАЕВДИН АБАЛЫ АЙТЫЛДЫ

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы жакшы. Бул тууралуу УКМК билдирди. Алардын маалыматында, Алмазбек Атамбаев ден-соолугуна арызданган эмес. «Ал дарыгерлердин такай көзөмөлүндө. Арыздануулар болсо жардам көрсөтүүгө даяр», — дейт ал. Алмазбек Атамбаев август айынан бери УКМКнын абагында кармалууда. Анын уулдары кечээ мурдакы президенттин кан басымы төмөндөп кеткенин айтышкан. Алардын мындай абал инфаркт же инсультка алынп келүү коркунучу бар экенинкошумчалашкан.

ЖАРАНДЫ ТАПАНЧА МЕНЕН КОРКУТКАНДАР КАРМАЛДЫ

Бишкекте жаранды тапанча менен атып салам деп коркуткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы кабарлайт. Милиция кызматкерлери “102” кызматына түшкөн билдирүудөн кийин Калинин жана Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишине барышкан. Айтылган даректе мас абалындагы эки адам 20 жаштагы жигитти тапанча менен  атып салам деп коркутушканы аныкталган. Бул кылмышка шектүү катары 31 жана 28 жаштагы эки жаран кармалып, текшерүү учурунда алардын биринен  «пневматикалык»  тапанча табылган. Учурда иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө башталган.

Количество просмотров: 98