Бүгүн, 17-декабрда парламентте Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары ант беришти.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров эл өкүлдөрүнө күбөлүк жана төш белгилерди тапшырууда.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңешке 29 көп мандаттуу округдан 87 депутат шайланып келди. Анын 58и эркек, 29у аял.
№13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарылган болчу. Жалпысынан парламент 90 депутаттан турат.