• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргыз-кытай чек арасы 3 күн жабык болот. ЖЭБди калыбына келтирүү иши уланууда

8 Бирдин айы 2024 13:59 Бишкек Govori.TV

ЖЭБДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШИ

Бүгүн, 8-февралда Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 576 адам, 17 техника тартылды.

Ыкчам штабдан билдиришкендей, учурда жалпы тартылган жумушчу топтун күчү ЖЭБдин чатырын жабууга жумшалууда.

Кызматкерлерге жумушту баштоо алдында коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар жеткирилип, ысык тамак менен камсыз болууда. Ошондой эле жеринде жылынуу пункту катары 4 чатыр тигилген.

Белгиленгендей, ЖЭБдин имаратынын айланасын курулуш материалынын калдыктарынан тазалоо иши дээрлик аяктоо алдында турат.

КАР КӨЧКҮЛӨР ТҮШҮРҮЛДҮ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкүлөрүн түшүрүү иш-чараларын жүргүзөт.

Министрликтин маалыматына ылайык, аталган унаа жолдо жол кырсыктарынын алдын алуу, адам өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо зарылчылыгына байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 8-февралынан 12-февралына чейин кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт.

«Бишкек – Ош унаа жолунун 132-135 жана 198-255- километриндеги кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактарда ӨКМге караштуу башкармалыктар, кызматтар иш-чараны КРнын Коргоо министрлиги менен биргеликте аткарышат»,-деп айтылат маалыматта.

КЫТАЙ-КЫРГЫЗ ЧЕК АРАСЫ ЖАБЫЛАТ

10-февралдан 12-февралга чейин Кыргызстан-Кытай чек арасы жабык болот. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Бул күндөрү Кытайда Жаңы жыл майрамынын урматына атайын фестиваль өткөрүлөт. Андыктан «Торугарт унаа жолу», «Эркечтам унаа жолу» бекеттери убактылуу жабык болот.

Чек ара бекеттери 13-февралдан тарта кайра ачылып, кадимки режимде ишин улантат.

Количество просмотров: 71