• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бүгүн кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары жабылат

4 Чын куран 202510:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-апрелде мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттары жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Белгиленгендей, өткөрүү пункттары Кытай тараптын демилгеси менен «Бардык жандар күнү» майрамына байланыштуу убактылуу жабылат.

5-апрелден тарта Эркечтам жана Торугарт аркылуу адамдардын, унаалардын жана жүктөрдүн өтүүсү жанданат.

Количество просмотров: 289