• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргыз-кытай чек арасындагы эки өткөрмө бекет жабык болот

27 Үчтүн айы 202513:18 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери үч күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Кытай Эл Республикасында Жаз майрамы майрамдала тургандыгына байланыштуу, коңшу мамлекеттин демилгеси менен өткөрмө бекеттер 29-январдан 31-январга чейин жабылат.

Өткөрмө бекеттер 1-февралда кайра иштеп баштайт.

Количество просмотров: 229