• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргызстан аза күтүүдө. Саламаттык сактоо министрлигине жаңы жетекчи келди

23 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

БҮГҮН АЗА КҮТҮҮ КҮНҮ

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, өлкө бүгүн, 23-августта Орусияда кыргыз жарандарынын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу аза күтөт. Мындан улам, бул күнү өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туулары ылдый түшүрүлөт. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулат.

Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө ооруканага жеткирилген..

Кырсыктан улам кылмыш иши козголуп, анын Орусиянын Тергөө кызматы тергеп жатат. Маркумдардын сөөгү Кыргызстанга бүгүн, 23-августта алынып келет.

БААТЫРОВА САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИН ЖЕТЕКТЕДИ

Баатырова Гүлнара Маришовна саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

«Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет», — деп айтылат маалыматта.

Июнь айында убактылуу ишинен четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта кызматынан алынган. Анын ордуна Жаркынбек Касымбеков министрдин милдетин аткарып жаткан. 16-августта Бейшеналиевдин адвокаты Кайсын Абакиров вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын жарыялаган. Ал “Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалганы белгилүү болгон.

КЫТАЙЛЫК СТУДЕНТ ИЗДЕЛҮҮДӨ

Ысык-Көл облусунда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 22 жаштагы студенти Сай Тунду издөө иштери уланууда. ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Сай Тун 24-июлда жоголгон. Бирок, чет элдик жарандын жоголушу боюнча маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 18-августта гана түшкөн.

Анын досторунун айтымында, Сай Тун Ак-Суу районундагы Ала-Көл жайлоосу тарапка кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Количество просмотров: 185