• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Кыздар медресесинде өрт чыкты. Өлкөдө азык-түлүк кору жетиштүү экени айтылды

27 Бештин айы 2022 13:59 Бишкек Govori.TV

АЗЫК-ТҮЛҮК КОРУ ЖЕТИШТҮҮ

Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн кору жетиштүү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин кору жетиштүү.

“Азык-түлүк коопсуздугу дагы мамлекеттик коопсуздуктун негизине кирет. Муну эске алуу менен азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Ошондой эле, эгерде ун чыгаруучу комбинаттарында буудайдын кору түгөнө турган болсо, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында буудайдын кору жетиштүү экенин кошумчалады.

Ал эми, өсүмдүк майы боюнча дагы маселе жаралбайт, матрезервде майдын кору жетиштүү. Бул боюнча май чыгаруучу заводдор менен дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жана аларда күн караманын кору жетиштүү.

ТӨРАГА САРИЕВДИ КАБЫЛ АЛДЫ

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Соода-өнөр жай палатасынын жаңы шайланган президенти Темир Сариевди кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда төрага Нурланбек Шакиев улуттук экономикабыздын өнүгүшүндө Соода-ѳнѳр жай палатасынын мааниси чоң экенин белгиледи. Муну менен катар жаңы жетекчиден жаңы жетишкендиктерди күтөөрүн айткан Төрага: “Дүйнөлүк экономика жана заманбап чакырыктар ыкчам аракеттерди талап кылууда. Ага ылайык, жаңы ыкмада жана заманбап көз карашта мекеменин ишин жигердүү алып барасыз деген үмүттөмүн”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Темир Сариев жылуу кабыл алып, сунуш-пикирлери менен бөлүшкөндүгү үчүн төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, Соода-ѳнѳр жай палатасынын миссияларына учкай токтолду. Мындан тышкары жолугушууда жаңы жетекчи катары жасай турган иштери тууралуу маалымат берип, пландары менен бөлүштү.

КЫЗДАР МЕДРЕСЕСИНДЕ ӨРТ ЧЫКТЫ

Сузак районуна караштуу Комсомол айылында кыздар медресесинен өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Комсомол айылындагы Насиридинов көчөсүндө аянты 165 чарчы метр мансард тибинде салынган кайрымдуулук мекемеси, кыздар медресесинин чатыры, 26 даана төшөк жана шыбы күйгөн.

16 жана 14 жаштардагы эки кыз өздөрүн жаман сезгендигинен улам тез жардам кызматы тарабынан облустук ооруканага жөнөтүлгөн, күйүк алышкан эмес.

Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Количество просмотров: 75