• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Мадумаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз берилди. Жаңы депутат ант берди

6 Аяк оона 2023 14:05 Бишкек Govori.TV

ЖАҢЫ ДЕПУТАТ АНТ БЕРДИ

Жогорку Кеңештин 6-сентябрдагы жыйынында Ош облусунун Араван районундагы Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Равшанбек Рысбаев ант берди.

Ал мурдагы депутат Өмүрбек Бакировдун ордуна келди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-августта Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган. Сот мындай чечимди күчүндө калтырган.

МАДУМАРОВДУН КАРМАЛЫШЫ

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун адвокаты анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу 6-сентябрда Жогорку Кеңеште өткөн маалымат жыйында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Гуля Кожокулова билдирди.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармап кетишкен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алган.

Ички иштер министрлиги Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

ОРТО-ТОКОЙДОГУ СУУНУН КӨЛӨМҮ

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрына карата Орто-Токой суу сактагычындагы суунун көлөмү 24,41 млн куб метрди түздү.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, суунун агып кириши секундасына 41,50 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү секундасына 29 куб метрди түзүүдө.

Количество просмотров: 229